www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чечим чыгарды. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев АКИпресс агенттигине билдирди.
Анын айтымында, депутаттык комиссия 5 жолу жыйын өткөрдү.
"Депутаттык комиссия 5 жолу жыйын өткөрдү жана башкы прокурордун өтүнүчү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартты", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg