www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар экенин жана АКШ алардын орусиялык күчтөрдүн көзөмөлүнө түшүп калбашы үчүн иш алып барып жатканын ырастады.
Мындай билдирүүнү ал АКШ Конгрессинин Сенатынын тышкы иштер комитетинде угууда Украинада химиялык курал барбы деген суроого жооп берип жатып билдирди. Бул тууралуу ТАСС жазды.
“Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар, чындыгында, биз азыр орус аскерлери аларды көзөмөлгө алууга аракет кылышы мүмкүн деп абдан тынчсызданып жатабыз. Андыктан биз украиндер менен бул изилдөө материалдарынын бири орус күчтөрүнүн колуна түшүп калбашы үчүн иштешип жатабыз”, - деди Виктория Нуланд.
Анын айтымында, эгер Украинада биологиялык же химиялык куралга байланыштуу кандайдыр бир окуя болуп кетсе, бул үчүн жоопкерчиликти орус тарап тартат.
Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин маалыматы
6-мартта Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков Украинадагы атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Киев тарабынан аскердик биологиялык программанын изи чукул тазаланган фактылар аныкталганын билдирген. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул программаны АКШнын Коргоо министрлиги каржылаган.
Ошол эле күнү Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Полтава жана Харьков биологиялык лабораторияларында ооруу козгогучтарды жок кылуу жана фактыларды жок кылуу боюнча көрсөтмөсү жарыяланган.
Тизмеге чума, күйдүргү, туляремия, холера жана башка өлүмгө алып келген оорулар кирген.
Орусиянын Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин башчысы Игорь Кирилловдун айтымында, өлкөдө АКШнын Коргоо министрлигинин заказдарын аткарган 30 лаборатория бар.
Атап айтканда, Львовдогу биолабораторияларда чума жана сибирь жарасынын козгогучтарын, ал эми Харьковдо жана Полтавада дифтерия, дизентерия жана сальмонеллез козгогучтарын иштеп чыгышкан.
Министрликтин маалыматына караганда, Львовдо эле 320дан ашык контейнер жок кылынган, алардан лептоспироз, туляремия, бруцеллез жана чума оорусунун козгогучтары табылган.
Ошондой эле, Орусиянын Коргоо министрлиги бул биологиялык лабораториялардын ишмердүүлүгү жана Украинанын саламаттыкты сактоо тармагынын реформалары өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын көзөмөлсүз өсүшүнө алып келген деп эсептейт. Маалыматта кызамык, дифтерия, кургак учук, кызылча менен ооругандардын саны өсүп жатканы баса белгиленген.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Украинаны полиомиелиттин жайылуу коркунучу жогору өлкө деп жарыялаган.
Орусиянын мамилеси
Март айынын башында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Киевде жана Одессадагы Пентагон курган аскердик лабораториялардын тагдырына тынчсызданып, аларды көзөмөлдөөнү колдон алдырып жиберүүдөн коркуп жатат деп билдирген.
“Мен сырларды ачып жататм деп ойлобойм, бирок, бизде Пентагонду Украинадагы химиялык жана биологиялык объектилердин тагдыры абдан тынчсыздандырып жатканы боюнча далилдер бар. Анткени Пентагон Украинада жигердүү эки биологиялык аскердик лабораторияларды куруп, ал жерде, тактап айтканда Киев жана Одессада “оору козгогучтарды” иштеп чыгуу менен алектенген. Эми алар бул лабораторияларды колдон чыгарып жиберебизби деп кооптонуп жатышат”, - деп билдирген Лавров.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, мекеменин башчысы Александр Бастрыкин Украинанын аймагында биологиялык курал жасалган фактыларды текшерүүнү тапшырып, тергөөчүлөрдөн кылмыш ишин козгоо жана кылмышка катышкандардын бардыгынын ким экендигин аныктоо боюнча чечим чыгарууну талап кылган.
Дүйнө кандай жооп кылды?
Өз кезегинде Кытай бийлиги АКШны Украинада жайгашкан аскердик биологиялык лабораториялар боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарууга чакырды. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзяндын айтымында, Украинада 26 америкалык лаборатория иштеген.
Ошондой эле, Лицзян АКШнын Украинадагы аскерий биологиялык программалары чети гана деп эсептейт. Анын айтымына караганда, АКШ бийлиги дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү 336 лабораторияга мониторинг жүргүзөрүн жана алар муну "коопсуздук тармагындагы биологиялык тобокелдиктерди азайтуу жана глобалдык ден-соолукту коргоо үчүн кызматташуу”,- деген шылтоо менен жасашат.
АКШнын Республика партиясынын конгрессмени Роберт Риган толугу менен күнөөсүз деп эсептелбеши керектигин жана Киев бийлигинде коррупция, атап айтканда, биологиялык куралды колдонгону боюнча эпизоддор бар экенин айткан.
“Украинада коррупциянын тарыхы бар – акчанын изин жашырып уурдоо, контрабанда, биологиялык курал, баңги заттар ... Мен чынында эмне болуп жатканын билгим келет. Ошондуктан мен: “Путинди дароо айыпташыбыз керек” деп айтууга шашпайм”, - деген ал.
Саясатчы Орусияны Украинадагы атайын операция үчүн айыптоого даяр эмес экенин белгилеп, ошондой эле орус президенти Владимир Путин эмне үчүн мындай чечим кабыл алганын түшүнөрүн айткан.
Булак: Eurasia Today