www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-январда, Жогрку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Адахан Мадумаров элчилик кызматка дайындалгандар тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, бийликти чабыштырган үчүнчү күчтөрдү издебей, мыйзамга ким кол койсо ошонун жоопкерчилигин кароо керек. «Парламент менен президентти кагыштырам деген күчтөр бар деп сүйлөгөндөн кийин, биз сырттан келген киши киргиздиби (ред.- мыйзамды) же бийликте турган бир адамдын кол алдындагылар киргиздиби ошону карашыбыз керек.

Эки бийлик бутагын кагыштырып-чабыштырам деген үчүнчү күчтөр бар деп жатабыз. Бирок биз алардын ким экенин ушул убакка чейин жаап-жашырып, ачык айтпай келебиз.

Жогорку Кеңештин 100 пайыз Конституциялык укугу бар. Бирок парламенттин пикири менен кеңешип, эсептешкен эч ким жок. Бул мага жагат, иштей берет деген позиция менен кетип жатабыз. Айтаарым, элчилик кызматка сунушталып жаткан адамдарды өтө кылдат караш керек. Анткени алар элдин атынан жиберилген, мамлекеттин жүзү, президенттин өкүлү болуп саналат. Башка мамлекеттер болсо мыктылардын мыктысын элчилик кызматка алып келет.

Бизде артында кылмышы бар адамдарды да, тил билбегенин да, мамлекеттик кызматтан кабары жок адамдарды да элчи кылып жатабыз. Муну менен биз Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркына шек келтирип жатабыз», - деди Мадумаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости