www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Адахан Кимсанбаевич, акыркы учурда сизге карата маалыматтык чабуул күчөдү. Бул аракеттин артында бийлик турат деп түшүнөсүзбү? Же башка саясий күчтөрдүн жасаган ишиби?

— Мындай кубулуштар, көрүнүштөр чейрек кылымдан бери келатат. Мадумаровго асылбаган кайсы жагымпоз калды дейсиң? Эч ким калган жок. Акыркы асылууларда бийлик тарабынан дагы, бийликке кызмат көрсөтүп шыйпаңдап жүргөн, күндүзү жолукканда кучакташып “Кандайсыз? Биз сиз менен биргебиз, пикирибиз бир” деп жүрүп, түндө карамүртөздүк жумуштарын аткарып жаткандар дагы бар. Бардык тараптан бар. Себеби, эки тарабына тең коркунучтуубуз. Бийликте тургандардын арамдыгын, бийликке жетпей калып, алар менен тил табыша албай кыйналып, орто жолдо арсар болуп жүргөндөрдүн дагы абалын билебиз. Бул багыттан алганда эки тарап бир максатты колдонушат дагы, Мадумаровго аябай чоң маалымат согушу жарыяланып, чоң акча каражаттар бөлүнөт. Көптөгөн “бакма калемгерлер” ушул учурдан пайдаланып тыйын таап калышат. Менин атымды пайдаланып акча таап жаткандар дагы аман болсун деп айткам. “Биз сизди ушинтип жазып койгонго мажбур болдук. Себеби, каражат керек болуп жатат” деп кээде өздөрү айтып беришет. “Бизге акча төлөп берип жатышат. Сиз туура түшүнүп коюңуз. Чынында сизге карата пикирибиз жакшы эле” дегендери да бар. Булардын жеген нандары, ичкен аштары кандай болот? Ошентип тапкан акча менен багып жаткан балдарынын кийин акы-бетин көрөбү же көрбөйбү? Жалаң гана ушак-айың, каралоо менен тапкан оокаттары кандай болуп буйруйт, кантип аны сиңирет? Бул башка маселе. “Эми түшүнөсүз да, тигил кишилер менен иштешип жатабыз” деп айтышат. Тигил кишилер дегенде мени менен кучакташып, “Биргебиз” деп жүргөндөрү да бар. Алар мени билбейт, байкабайт деп ойлошот. Кээ бир калемгерлерди чакырып, алар менен кеңешип, “Айына ушунчадан төлөп беребиз, бизге иштеп бергиле. Ушундай шартыбыз бар” дегенине макул болуп кеткендери көп. Ушул сунушка баш тартып, барбай койгон калемгерлер дагы бар.

— Каралоонун максаты эмнеде?

— Кыргызстанга адилеттүү, таза бийликти келтирбөө. Мамлекет, эл үчүн күйө тургандарды бийликке жакындатпоо. Бул багытта алып караганда кыргыз саясатында жүргөн азаматтар гана эмес анча-мынча четтеги мамлекеттер дагы кызыкдар. Себеп, Мадумаровдун Кыргыз мамлекетиндеги ар кандай кен байлыктарга мамлекеттин өзүнүн ээ болуп калуусун каалаган саясатына алар кызыкдар эмес. Кыргызстанды бөлүп-жарып, темирин бирөө, алтынын бирөө, көмүрүн башкасы, сымапты бирөө алып кете турган күчтөр көп. Тегерегибизде күчтүү саясат жүргүзүп, күчтүү экономикалык басым жасап, ар кандай карыздарга батырып коюп, ар кандай шарттарды таңуулай турган мамлекеттер бар. Алар, эгер Мадумаров сыяктуу күчтүү инсан бийлик башына келип калса, алардын кара ою, ниети ишке ашпай кала турганын билишет. Ошондуктан, күчтүү инсанды келтирбей коюш үчүн кыргыз “бакма калемгерлерди” кыргыз саясатчыларына каршы тукурат. Акча каражаты менен иштетет. Бул ыкма бардык мамлекеттерде колдонулат. Айрыкча, Кыргызстанда катуу колдонулуп жатат. Себеби, биз калемгери, саясатчысы, ырчысы болобу акчаны аябай жакшы көргөн, ага тезирээк ооп кеткен жагынан өзгөчөлөнүп турабыз. Алардын максаты Кыргызстанга эч качан мекен сүйүүсү күчтүү, таза, адилеттүү бийликти келтирбөө.

— Саясий лидерлерди каралоо башталып жаткан соң жакынкы мезгилде шайлоо өнөктүгү орун алып калышы мүмкүнбү?

— Согуштун эрежеси менен айтканда жөө аскерлерди киргизээрдин алдында учактар менен бомбалап кетет. Анча-мынча калгандарына артиллерия колдонулат. Бардык жерди бомбалап салгандан кийин гана жөө аскерлер коё берилет. Ошол сыяктуу, кыргыз саясаты эч кандай жаңылык ачпайт. Азыркылар деле эскилердин калдыктары. Күчтүү саясатчыларга каршы кандайдыр бир кампания башталганда бир нерсенин алдында турат экенбиз деп жоромолдоп койсо болот. Бул үчүн көзү ачык болуштун кереги жок.

(уландысы бар)

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости