www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Нарында Солтон-Сары кени боюнча эл менен жолукканы барганыңыз боюнча дагы Атамбаевден 50 миң доллар алган деген маалымат чыкты. Кимдин чакыруусу менен бардыңыз?

— Ошону ойлоп таап чыгышкандар баарын өздөрүндөй көрүшөт, арам сезишет. Баарын акча чечет деп ойлошот. Алар байлык менен бийликтин кулдары. Башка нерсени көрбөйт, ырахатын да туйбайт. “Кедей-кедейлигинен кедей эмес, тойбогонунан кедей” дегендей, булар тойбос кедейлер. Аларды Жараткан ушул дүйнөдө эле жазалап, көкүрөктөгү бүтүндөй мээрин, сүйүүсүн байлыкка берип койгон. Акылга сыйбаган нерселерди тек гана шайтан табат. Адам кейпин кийип алып жүргөн шайтандар Кыргызстанда аябай көбөйдү. Бүтүндөй коом арам оокатка аралашып калгандан кийин ушундай жин-шайтандар көбөйө берет. Карасаң саясатчы болуп жүргөнсүйт, саясаттын “С” тамгасын тааныбайт. Ойлоп тапканы өзүлөрүнө буйрусун. Миң-Булак деген 1800 жараны бар айыл экен. Бул биздин шартта орто айыл. Өтө суук экенине карабастан айылдагы маданият үйүнө эл батпай, кире бериш жерине чейин толуп турушту. Ошол күндөрү аба ырайы абдан суук болду. Ага карабай 3 саат олтурушуп, жыйынды токтотпойбуз деп талап кылганы, элдин соңку чекке жетип калганынын белгиси. Ошол айылдын эли өздөрү жыйын өткөрүп, 3 жигитти жиберишиптир. Алар 2 жолу келип кетишти. Ошол күндөрү үй-бүлөлүк иштерим бар, алыстан келген коноктор бар болчу дегениме карабастан “27-декабрга коюп койдук, эл жыйын өткөрүп ушул чечимди кабыл алганбыз. Сиздин келишиңизди күтүп атабыз” деп аябай катуу суранышканынан, кудалар, келген коноктор толук кете электе, таң эрте жарык кирбей жатып ошол жакка чыгып кетүүгө мажбур болдум. Ошончо эл күтүп атса барышка милдеттүүсүң. Арамзаланбай ошол жолугушуунун видеосун көрсө кандай максатта чакырышканын, кандай күткөнүн билишмек. Аксакалдары, жаштары да “Биз сизди чакырдык, күттүк. Келгениңизге ырахмат” деп айтып жатышпайбы. Мен башында эле чакырган жерден калбайм, чакырбаган жерге өзүм барып жыйын өткөрбөйм деп айткам.

Булак: Жаңы Ордо

Последние новости