www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мегаком колдонуучулардан күнүнө 50 тыйын "жеп" атыптыр деген маалымат тарап атат. Бул маалыматты кичине оройураак өңүттө чагылдырып жатышат, атайылап. 50 тыйынды Мегаком жеген жок. Көрсөтүлгөн тыйын акы катары эсептелет. Кааласаң кошуп ал, каалабасаң өчүрүп сал. Мындай пикирин Адилет Калыгулов өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты. 

--Так ушундай эле кызмат-акы үчүн "Билайн" оператору кардарлардан 2 сом 05 тыйын алат, күнүнө. Сайтына кирип таанышсаңыз болот.

Мен колдонгон тарифте күнүнө 50 тыйын эмес андан көп өлчөмдө каражат коротулат. Себеби мага ошого ылайык кызматтар керек. Комфорт үчүн албетте акы төлөшүң керек.

Учурдан пайдаланып бир нерсени баса белгилеп коюш керек. Бүгүнкү күндө "Мегаком" компаниясында жылыштар көзгө көрүнүп турат. Бул талашсыз! Мурда берки эки оператор Мегакомго үстөмдүк кылып келишсе, бүгүн алардын мамилеси өзгөрдү. Мурда Мегаком аларга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келсе, бүгүн алар келип сүйлөшүүгө өтүштү. Мына-мына сатылат деген компания бүгүн сатылбайт деп так позициясын билдирди. Санай келсең жылыштардын саны арбын.

Жакшы жагын көрбөй, аны айтпай, кичине эле терс маалымат тараса аны баса калып жиликтеп киребиз. Этке жакын кыргыз эли дароо мүлжүгөнгө өтөбүз.

Мегакомго жан үрөп, аны колдоп бир нерсе айтып же жазып койсом "Мегаком" сага канча төлөйт дешет. Мен бир тыйын албайм. Болгону өзүбүздүн ишканага күйүп-бышам. Жаңы келген жаш жетекчиге кол-бут болгондун ордуна кайра тепкиге алышат кээ бири.

Чындап мамлекетке күйсөң, салым кошом десең тиги "экөөнү" унут!-деп кошумчалаган Адилет Калыгулов. 

"Ким чалды?" кызматы үчүн Билайн күнүнө абоненттеринен 2,05 сом алат. Мындай маалыматты Фейсбук колдонуучусу Жалгаз Жумабеков дагы жазып чыкты.

https://beeline.kg/ru/products/services/vam-zvonili.html

"Билайн" компаниясынын сайтында "Ким чалды?" кызматын кошуу үчүн күнүнө 2,05 сом абоненттик төлөм алынат деген маалымат бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости