www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын билим берүү тармагы реформага муктаждыгы көп жылдан бери айтылып, жазылып келе жатат. Агартуу министрлигин жетектеп жаткан Догдургүл Кендирбаева ооз жүзүндө “реформа керек” экенин айткан менен иш жүзүндө натыйжасы билине элек. Анын реформа атыккан эң чуулгандуу демилгеси, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү болду. Бирок жаңы системага өтүү даярдыгы, окуу куралдарынын жетишсиздиги реформанын ийгиликтүү ишке ашышына күмөн санатканга негиз түздү. 

Мугалимдерге делип ноутбуктар таратылганы менен мектептерде дагы деле парталар жетишсиз, эки нөөмөт менен окуу уланып жатат. Реформа – бул жөн гана презентация же эл алдында сүйлөгөн кооз сөз эмес, натыйжалуу ийгилик, көрүнүктүү өзгөрүү болууга тийиш. Учурда Кендирбаеванын демилгелеринин көбү жүзөгө аша элек. Иштин ырааттуулугу жетишсиз. Коомдук ишеним али толук калыптана элек.

Агартуу министрлиги учурда жаңы жолдун башында турат. Бирок ошол жол кайда алып барары келечектеги чечкиндүү кадамдардан көз каранды. Убакыт болсо чектелүү.

Последние новости