www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АИ-95 бензининин баасы дагы кымабатташы мүмкүн

Кыргызстандын өкмөтү АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен чыгарды. Эми компаниялар бул күйүүчү майдын баасын өздүк наркынын өсүшүнө жараша өзгөртө алат.

Өкмөт мындай чечимди күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоону туруктуу кармоо жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максаты менен түшүндүрдү.

Ошол эле учурда АИ-92 бензини менен дизел майына мамлекеттик жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү сакталууда.

Кыргызстан күйүүчү майдын негизги бөлүгүн Орусиядан импорттойт. Акыркы айларда Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго болгон чабуулдардан улам күйүүчү май өндүрүшү азайып, айрым өлкөлөрдө тартыштык жаралган. Өкмөт баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн күйүүчү май жеткирүүчүлөргө убактылуу субсидия берип келген.

Последние новости