www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Аида айым, «чет өлкөдө жараксыз болуп же мөөнөттөрү бүтөрүнө аз гана убакыт калган вакциналар биздин өлкөгө келип колдонулат» дегенге кандай карайсың?

-- Биздин мамлекеттик органдар «жакшы көзөмөл жүргүзүп жатабыз» деп жатышат. Айрыкча вакцина, дары-дармек боюнча глобальный фонд аркылуу кайсы бир жылдары дары-дармектерди алып келип, мындай окуяга учураган жагдайыбыз бар.

Натыйжада, мамлекет мунун баарын өтө дыкат көзөмөлгө алышы керек. Келгенин албай, «момундай дары-дармек, вакциналар керек» деп талапты өзүбүз коё билишибиз зарыл.

Чет элдик донорлор бизге жөн эле бөлүп бербейт да. Ошондуктан биздин вакциналарды көзөмөлдөгөн компетенттүү органдар, компетенттүү кишилер бул абалды өзгөчө көзөмөлгө алышы керек.  

-- Дарыканалардагы мөөнөтү өткөн, сапатсыз дарылар сатылганы деле маалым эмеспи...

-- Дарыканалардагы дарыларды көзөмөлдөө өтө төмөн. Анткени, алардын баары жеке ишканалар болуп жатат. Бул жөнүндө канча ирет айттым? Өкмөттүн буйругу бар экен, жеке ишканаларды текшерүү боюнча тыюу салынган. Аны алдын ала эскертип, прокуратурадан, экономика министрлигинен адамдарды кошуп гана текшере алабыз. Мен болсо гепатитттин түрлөрүнүн ж.б. кан ооруларына байланыштуу саламаттык сактоо системасына байланыштуу медициналык болборлор, дарыканалар, лабораторияларды күтүүсүз текшерүү боюнча сунуш кылгам.   

Бизде азыр гепатит ж.б. кан аркылуу жуккан оорулар көбөйүп жатат.   Өкмөттүн буйругунан саламаттык сактоого байланыштуу жеке мекемелерди күтүүсүз текшерүү керек. Эл бизге арызданып да, үмүттөнүп да келүүдө. Гепатитке чалдыккандар Жогорку Кеңешке чейин келип жатышат. Ошто канча жыл мурун жаш балдарга ВИЧ дарты жугуп, оор трагедияга кабылышты. Мунун баары кан аркылуу жуккан дарттар. Мамлекеттик органдар ВИЧти жугузуп жатышса, жеке мекемелердин эмне болуп жатканын айтпай эле коёюн. Өздөрүнөн башка эч ким билбейт. 

97 пайыз дарылар чет өлкөлөрдөн келет. Ошондуктан дарыканалар алардын ичиндеги дарылардын мөөнөтүн текшериш керек. Булар өз иштерин өз билгендериндей жасап жатышат. Андыктан, булардын ишин катуураак көзөмөлгө алуу жолдорун таап, катуу колго алуу керек. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости