www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочуга аян берген түш

Бул окуя союздун учурунда болгону айтылат. Көп жылдан бери колхоздун жүк ташыган машинасын айдаган Апыш, Балыкчы шаарына жүк алып келгени бара жатып, караңгыда көзү ирмелгенден машинасын жолдун четине чыгарып токтуп уктап, эс алып алууну ойлойт. Анткени бара турган жерине эрте барган күндө деле эки сааттан ашык күтүп калышы бул турган иш эле.

Ооба, ал кезде азыркыдай машинанын саны көп болгон эмес эле да.

Жайдын толуп турган кези. Түн ортосунда да үп болуп, дене талыкшыйт. Адам баласы уктабай калса дөөрүп калары да анык. Уйку адамды эс алдырып, сергитип да коёт эмеспи.

Апыш чарчаган жаны тез эле уктап кетет. Уктап кетип бир укмуш түш көрөт.

Түшүндө ушул эле машинансы менен чоң ашууну ашып бара жатса, машинансынын суусу ысып кетип, бир тамчы суу көзүнөн учат. “Эптеп кырга жетип токтоп, машинанын моторун эс алдырып алайын” дегенге эки көзү төрт болот. Ооба, билинбегени менен машина кыйналганын айдоочу сезип, аны менен кошо өзү дагы кыйналары турган иш экенин айдоочулар билет. Андан дагы ашуу ушунчалык тик болгон үчүн машина абдан кыйналып жатып эптеп кырга чыгат. Чыкса кырда бир кап ун, бир мылтык, анан бир чака суу турганын көрүп сүйүнүп кетип, капотун ачып радиаторго сууну куят да, анан чаканы ордуна коюп, ун менен мылтыкка тийбей ылдыйды көздөй машинасын айдап жөнөйт. Анткен менен эч бир жан жок салондо өзү гана болот. Бир кезде катарында бир аппак сакалы ээгин жапкан карыя пайда болуп:

-Балам, сен абдан туура иш кылдың. Эгер мылтыкты алсаң анда согуш болмок, унду алсак ачарчылык болмок, ал эми сууну алганың жакшы болду. Бул сага берилген чоң сыр болгон -деп айтып карыя жок болуп кетет. Бул окуяга таң калган Апыш ойгонуп кетсе, ушунчалык тердеп кийми сыгып ала тургандай ным болуп калыптыр. Катуу уктагандыктан таңдын атканын да билбептир. Айланага эчак таң атып, күн тоо башынан аркан бою көтөрүлүп калыптыр. Айлананы караса толгондон эски мүрзөнүн жанына токтогон экен. Анткен менен өзүн абдан жеңил сезип, дароо машинасын айдап жолун улайт. Эртеси күнү үйүнө келип карып калган атасына көргөн түшүн айтса, атасы жакшылыкка жоруп, мал союп, жыт чыгартып, ырымын кылыптыр. Ошондон кийин Апыштын иши алдыга жылып, өкмөттөн сыйлык алып, кадыры өскөн экен. Андан дагы ошол окуя себеп болуп караңгыда жолго чыкпай, чыкса дагы жанына киши алып, ээн жерге уктабай калыптыр. Айткандай ошол кезде Авганистанга аскерлер чакырылып, ал жакта согуш болгон эле. Балким, мылтык менен унду алганда Авганистандагы согуштун каары биздин жерге жетип, ачарчылык болмок беле ким билет.

Андыктан түш дагы жөн кирип аян бербесин эсиңиздерге салабыз.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости