www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы убадалардын жаңырышы күтүлүүдө

Билинбей төрт жыл артта калып, экс ажо А.Атамбаев айткан чимкирик парламенттин дагы жашоо сапары карып, кийинки шайлоого кезек берээрине жыл чамалуу убакыт калды. Ооба, буга чейин ооздорунан ак көбүк акканча убада берип “кыйрата салабыз” деген партиялардын жели чыккан бакшыдай шайлары ооп, берилген убадалар аткарылбай калып, азыртан эле акырындан үгүт иштерин жүргүзө баштаганы каңкууланууда.

Ооба, эми эски эмес жаңы убадаларды ойлоп табышпаса, иш опурталуу болуп калды өңдөнөт. Анткени буга чейин берилген эски убадаларга эл ишенбей калды. Отуз жылга чукул убакыттан бери бир өзгөрүү болбой жатканы да көпчүлүктү нааразы кылууда. Акчанын күчү менен келген азыркы парламенттин депутаттары катуу ката кетирип, ал турсун шылдың да болуп, элдин ишенчинен кеткени да чын.

Кийинки жылы боло турган шайлоого эл укпаган жана билбеген кандай убадалар бар ага СДПКанын талапкерлер баш оорутуп жатканы кеп болууда. Бирок эл ишенген кандай убада ойлоп табышат ал азырынча белгисиз. Кыскасы, бир жылдан кийин “депутат боло калабыз” дегендердин ишене турган убадаларын да уга турган кез алдыда.

Бердикжо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости