www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү чыгырылышта Кыргыз Республикасынын Маданият - Маалымат жана Туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков NazarNews.kg агенттигине маек курду...
--Алгач Нуржигит Кадырбекович Сизди кызмат ордуңуз менен куттуктайбыз!
--Рахмат
--Учурунда ыр жазып жүргөнүңүздөн кийин сизди "молдо болуп кетти", - деп айтышкан. Ошол чынбы?
--Мен бул сөзгө каршы эмесмин. Кайсы тармакта иштесем ошол тармакты изилдегенге аракет кылам. “Ыйман” фондун жетектеген учурум болчу. Бул биздин расмий саясатыбыз болгон. Ал жакта диний-маданий өнүктүрүү болгондуктан, дин чөйрөсү менен жүргөнгө аракет кылдым. Сөздөрдү семинарларда, сабактарда колдонгондо пикир жаралды.
--Эми "молдочулуктан" Маданият тармагына өттүңүз маданиятка кандай жаңылык киргизесиз?
--Азыркы учурда жаңы долбоорду ойлоп жатабыз. Аталышы “Өзүңдү таануу” долбоору...
--Учурда маданият тармагында сыйлык берүүгө пикириңиз кандай?
--Биринчиден адамдын максаты сыйлык же сыймык үчүн эмес, эл үчүн, тарых үчүн болсо жакшы болмок.
--Сизди буга чейин массалык маалыматтардан "Гүленчи", бул кишиден кандайдыр бир акча бөлүнүп турат, деп эл арасында айтылып жүрөт...
--Чындыкты айтса - аркаңдан ушак болот, жалганды айтса - жалаа болот. Чынын айтканда, бул кишиге,бул жамаатка тиешем жок. Такыр чындыкка төп келбеген маселе.
--Клип тартсам деген, оюңуз барбы?
--Клип тартпай эле жүрөбүз. Бирок, кыска метраждуу кинолордон 30га жакынын тарттык. Учурда дүйнө элдери да жакшы пикирлерин калтырышууда.
--Рахмат!
Нуриза Молдошова, NazarNews.kg