www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринде эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору каралганын билдирди.
Өнөр жайды өнүктүрүү, өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБ жалпы эмгек рыногун түзүү, ЕАЭБ жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу жана анын шарттары жөнүндө келишимдин долбоору каралды.
Булак: NazarNews.kg