www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бут кийимдердин пайда болуу тарыхына кайрылсак, анын алгачкы мекени Батыш Евразия болгон. Кийин ал ыкма Египетке тарап, бара –бара Италия бут кийимдердин мекенине айланды. Акыркы жылдары болсо басымдуу бут кийимдер Кытай өндүрүшүнө таандык болуп калды. Мындай тарыхый маалыматтарга таянган жаңылыктарды бүгүн, 29 – мартта Жогорку Кеңештин “Өнүгүү – Прогресс” фракцисынын лидери Бакыт Төрөбаев Чүй областынын Сокулук районунун  Манас айылында жайгашкан бут кийим чыгаруучу заводдун тушоо кесүү аземине билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы жарыялады.

Кыргызстанда ачылган “Мариям”  жоопкерчилиги чектелген коомунда ата мекендик жайкы, кышкы үлгүдөгү бут кийимдер даярдалып, ички рынокту камсыздоодо. Андагы жумушчулар Түркиядан, Кытайдан келген чийки заттардан сапаттуу бут кийимдерди даярдайт.  Дизайны да кайталангыс өзгөчөлүккө ээ. Жагымсыз жыт – жыбыры да жок. Ушундай сапаттуу бут кийимдерди даярдоо процессине катышып, андагы ар бир деталдын кынапталышын өз колу менен жасап, 10 күн иштеп, бардык түйшүктү жеринде көрүп чыккандыгын билдирди, - депутат.  Ошондой эле ал жерде ири фабрика курулат. Бул тууралуу да эл өкүлү билдирди.

“Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын негизги иш пландарынын бири жумушчу орундарын ачууга көңүл буруу  болгондуктан,  бул багытта жакшы жылыштар жасалууда. Бул ишкана өндүрүшүн өркүндөтүүгө арналган 33 – долбоордун ишке ашырылышы, - дейт фракция башчысы.

Бут кийим өндүрүшүнүн ачылышына Жогорку Кеңештин “Өнүгүү – Прогресс” фракцисынын лидери Бакыт Төрөбаев, депутаттар Э.Токтошев, М.Маматалиев катышты. 

Ошондой эле фракция лидери “Кыргызсүт” долбоору иштелип жаткандыгын да билдирди. Анын максаты,  айыл элине асыл турумдуу мал жандыктарын багууга жол көрсөтүү. Турмуш – тиричиликти жакшыртуунун айыл жергесиндеги абалы айыл чарбасына, анын ичинде мал чарбасына мүнөздүү, - дейт Б.Төрөбаев.

Мындай иштердин баары быйылкы региондорду өнүктүрүү жылында жасалып жаткан иштердин ырааты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости