www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн аптада Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхан Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кеткен. Маалымат чыгары менен соцтармактагылар Атамбаеванын эмнеге кеткенине кызыкканча, Зироатхан Мирзиёеваны дагы бир сыйра сөз кылып алышты.
Негизи эле Өзбекстандын биринчи айымы коомчулукка чыккандан бери көпчүлүктү сулуулугу, кийингени, өзүн алып жүрүүсү менен суктантып келет. Анын өмүр баянына кызыккандар көп.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин жубайы Зироатхон Хошимова тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.
Коңшу өлкө башчысынын колуктусу тууралуу басма сөз беттеринде маалымат жокко эсе. Ошентсе да айрымдарын топтогонго аракет кылдык.
Өзбекстандын биринчи айымы коомчулукка чыккандан бери көпчүлүктү сулуулугу, кийингени, өзүн алып жүрүүсү менен суктантып келет.
Туулган жери, ата-энеси. Зироатхон Хошимова Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп, өскөн. Атасы Махмуджон Хошимов шаардын кадыр-барктуу адамдарынын бири болгон. Убагында ал Орто Азиянын Кокондогу темир жол камсыздоо бөлүмүн жана "Дорресторан" вагон ресторандарын башкарган. Айрым маалыматтар боюнча атасы Фергана өрөөнүндөгү эң бай кишилердин бири эле. Апасы тууралуу так маалымат жок. Биринчи айымдын ата-энеси такыба жана талапты катуу койгон адамдар болгон деп айтылат. Үйүндөгүлөр Зироатхонды Ойхон деп аташчу.
Кесиби. Хошимова кесиби боюнча инженер-экономист. Ал Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Бирок учурда кесиби боюнча эч жерде иштебейт, үй кожойкеси.
Зироатхон Хошимова Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында төрөлүп, өскөн.
Институттан табышкан түгөйлөр. Зироатхон Хошимова менен Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги Айыл чарба институтунан табышкан. Институтта Мирзиёев комсомолдор комитетинин катчысы, ал эми Хошимова жакшы окуган студенттердин бири экен. Окуу жайдагылар аларга суктанып жарашыктуу жана интеллектуалдуу түгөйлөр деп атап коюшчу. Бирок экөөнүн баш кошуусуна кыз тарап каршы болгон. Айрыкча Зироатхондын чоң атасы менен чоң апасы макул болбой, жаштар Мирзиёевдин өжөрлүгүнүн аркасы менен сүйүүсүнө жеткен.
Балдары. Өзбекстандын биринчи айымы Шахноза жана Саида аттуу эки кызды жана Даврон аттуу уулду жарыкка алып келген. Кыздары турмушка чыккан. Айрым маалымат булактары күйөө балдарынын бири Мирзиёевдин жансакчысы экенин жазып жүрүшөт.
Өзбекстандын биринчи айымы Шахноза жана Саида аттуу эки кызды жана Даврон аттуу уулду жарыкка алып келген.
Алишер Усмановдын кудагыйы. Ачык маалымат булактарына таянсак, Зироатхон Хошимова россиялык миллиардер Алишер Усмановго кудача болот. Тагыраагы, Хошимованын бир тууган эжеси Сиёранын кызы Диора Алишер Усмановдун жээни Бабур Усмановго турмушка чыккан. Бирок Бабур Усманов 2013-жылы жол кырсыгынан көз жумган.
Эл менен баарлашууну жактырат. Журналисттер Хошимова киши менен бат тил табышкан адам экенин айтып, коомдук ишмерлер, билими, маданияты жогору адамдар менен баарлашып, пикир алышууну жактырарын жазышкан. Ошондой эле илим, билимге, адабият жана искусствого кызыга турганы айтылат.
Соцтармак суктанган биринчи айым. Шавкат Мирзиеёв президент болгондон бери мамлекеттик иш сапарларынын көбүнө жубайын кошо ала жүрөт. Хошимова коомчулукка чыккандан тарта социалдык тармактын колдонуучулары анын сулуулугун, кийингенин, өзүн алып жүргөнүн баса белгилеп, суктанып, жалаң жакшы ой-пикирлерин калтырып келишет.
Өзбек эл башчысынын колуктусунун туулган жылы тууралуу маалымат табууга мүмкүн болгон жок.
Булак: "sputnik.kg"