www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дем алыш күндөрүнө байланыштуу бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-апрелге чейин жылдырылды. Декларациясын тапшыра элек жарандар бүгүн, эртең жана 1-апрель күнү эртең мененки саат 9:00дөн тарта кечки саат 24:00гө чейин тапшыра алышат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун маалымытына караганда, 27-мартка карата 300 миңге жакын адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды.

Декларациясын убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айыппул салынат.

Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларациясын электрондук гана түрдө бере алышат. Эгер алар декларациясын өз убагында тапшырбаса, 1000 сом айып салынып, аты-жөнү, иштеген жери жазылган тизме Салык кызматынын сайтына жарыяланып, прокуратурага берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости