www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулар кайрадан митингге чыгышты

31-январда Казакстандын Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында айдоочулар митингге чыгышты. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.  

Маалыматка ылайык, алар чет элдик номерлүү автоунааларды каттоо шарттарын жеңилдетүүнү бийликтен талап кылышты. Алардын айтымында, автоунааны каттоодон өткөрүү үчүн эле бир миллион тенге (180 миң сом) төлөш керек.

Белгилей кетсек, 14-январда Ички иштер министрлиги Арменияга, Кыргызстанга жана Орусияга караштуу номерлери бар машинелер Казакстандын аймагына киргенде атайын мыйзамга ылайык катталышы керек экенин маалымдаган. Ал эми бир жылдан ашуун убакыт каттоодон өтпөй жүрө бергендердин автоунаалары өлкөдөн чыгарыларын билдирген.

Ошондон улам Казакстандын бир нече облустарында айдоочулар нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар четтен сатып алган машиненин баасына караганда аны каттоо төлөмдөрү кымбатка турарын айтышууда.

Эске салсак, президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү чет элдик номерлери бар миңдеген автоунаа ээлерине бир жыл убакыт берүүгө, ага чейин убактылуу каттап турууга чакырган. Бирок айдоочулар буга макул болушкан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости