www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү ММКлардын бирине берген интервьюсунда ырчы Мирбек Атабеков милиция жабырлануучу тарапка кабарлабай туруп, шектүүнү кое берип салганын айтып, өз нааразычылыгын билдирген эле. Ырчы шектүүнүн унаасынан апасынын үйүнөн жоголгон зер буюмдар далил катары табылганын да кошумчалаган.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү комментарий берип, ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген шек менен кармалган адамга карата козголгон кылмыш иши токтотулганын маалымдады.

Эске салсак, 2019-жылы 6-майда ырчынын апасы Дариха Абдрахманова түндө анын үйүнө кирип, акча талап кылып,тапанча такап коркуткандарга карата чара көрүүнү сурап кайрылган. Маалыматка караганда кылмышкерлер 60 миң доллар, 15 миң сом жана баалуу буюмдарды алып кеткен.

Сентябрь айында автоунаанын ичинен зер буюмдар табылып, жабырлануучу тааныган.

атабековдун апасынын буюмдары сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Бирок күбөлөр суракка алынып, алар кылмыш болгон күнү шектүү үлпөт тойдо жүргөнүн билдиришкен.

" Кармалган киши артисттин апасынын үйүнө киргени далилденбегендигине байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулду", —деп милициядан кабарлашты

25 жаштагы шектүү ошол күнү Ысык-Көлдө үйлпөт тойдо жүргөн деген видеого объективдүү баа берилиши үчүн чет өлкөгө экспертизага жибериле тургандыгы кабарланды. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.

Белгилей кетчү жагдай, 2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушунда ноутбуктар менен смартфондорду уурдады делген киши кармалып, Атабековдун апасынын үйүн карактады делген киши анын шериги экенин билдирген. Бул факты өзүнчө өндүрүшкө алынган

Булак: NazarNews.kg

Последние новости