www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айнура Темирбекова маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарлыгынан кетерин жарыялады. Социалдык тармактагы баракчасына ал эмнеге мындай чечимди кабыл алганын жазды. Ал өлкөдө санарип боюнча элге түшүндүрүү иштерине мыкты катышкан жана ага бир топ салым кошкон адис.

"Жаңы ыкмаларга, идеяларга, мүмкүнчүлүктөргө орун бошотууга убакыт келди. Мен ар бир тармакта кызматташууга ачыкмын жана өлкөбүз үчүн мындан ары да пайдалуу болууга даярмын", - деди Темирбекова.

Айнура Темирбекова аталган кызматка 2013-жылы 28-августта дайындалган. Буга чейин эл аралык долбоорлордун үстүнөн иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости