www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Аскар Акаев кечээ, 2-августта Кыргызстанга “Кумтөр” боюнча суроолорго жооп берүү сунушуна макул болуп келди. Учурда Акаев тууралуу социалдык тармак кызуу талкууга түштү.

--Акаев чындыгында бети жок киши экен. Самолеттон түшө калып эле, кыргыздын жерин кучактап, жата калып өпкүлөп, кыргыз элинен кечирим сураш керек эле. Кыргыздардын келечегин, жашоосун, өнүгүп-өсүүсүнө, психологиясына доо кетирген киши - Акаев!

Кызматка акча берип кирүү, туугандарын жайгаштыруу, аялынын сөзүнөн чыга албоо, мамлекеттикин уурдоо, жерлерди сатуу, мамлекеттикин, менчиктештирүү, бузуу, кызматтан керт башынды байытуу, паракорлук, чындыктын жоктугу…кайсы бирин айтайын, эң эле жаманы кыргыз элинин президентке болгон ишенимин, өнүгүүгө болгон ишенимин өлтүрүп кеткен киши! Балдардын балалыгы, жаштардын жаштыгы эмне болуп калыптыр, элди тентиткен киши! Элди кор кылган киши! Элди башка мамлекеттин алдында басынткан киши! Өзүнүн кал башын эле черттирип шерменде болбой, биздин төбөбүзгө орустарды талтайтып отургузуп койгон киши! «Независимость» алгандан кийин, бизди «независимый» кыла албай, кул кылган киши!

Кечиргиңер келсе кечире бергиле, бул менин балдарымдын, менин келечегимди уурдаган киши! – деди Айнура Жээнбаева.

Эске сала кетсек, бүгүн, 2-августта Акаев Кыргызстанга келди. УКМКнын маалыматына караганда, "Акаев мурдагы жогорку кызматтагы адамдар менен катар 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Учурдагы бийлик Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости