www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Баяндамачынын айтымында, бул макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашына мүмкүндүк берилет.

Талкуу жүрүшүндө бир катар арап өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекетинин Доха – Ош – Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар болуп жатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19 учак катталып, анын 17си жеке жактарга, ал эми 2 учак мамлекетке таандык. Өткөн жылы Кыргызстанда учак аркылуу 3 млн жүргүнчү тейленген, анын 1 млн.дон ашууну ички каттамдагы жүргүнчүлөр болуп саналат деп жазат Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости