www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дарегине сын көп айтылып жаткан айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кечээ да парламентте өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирлерди угууга мажбур болду. Жогорку Кеңештин жыйынында “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, ага депутаттар дыкат сереп салып жатышты.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев эмне себептен сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда төө буурчак тууралуу сөз болбогонун сурады. "Талас облусунун дыйкандары төө буурчак менен жан багат. Эмнеге төө буурчак боюнча сөз кылбайсыңар? Бир дагы төө буурчак үрөн чарбасы жок. Айыл чарба министрлиги эмне иш кылып, каякты карап жатасыңар?" – деп министрликти сындаган Кенжебек мырза албетте, өз жердештерин ойлонуп жаткандыгы байкалып жатты.
Өз кезегинде министр Нурбек Мурашев "бул жылы буудай, арпанын үрөндөрүнө басым жасалды, кийинки жылдары башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө көңүл бурулат" деп кутулду.
Нурбек Мурашевдин техникалык билимге ээ. Көп жыл айыл чарба тармагында жетекчилик кызматтарда иштеп келип, Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Республика" фракциясынан депутат болгон. 2016-жылы "Бир Бол" фракциясынын квотасы аркылуу Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган. Андан бери өкмөт 2 жолу жаңыланды, бирок Мурашев креслосун сактап калууда.
Булак: NazarNews.kg