www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат менен элдешкенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал өз билдирүүсүндө мындан 3 жыл мурда ушакчылардын айынан үй-бүлөсү бузулганын жазып, үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөгөн. Ырчынын билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.

"Ар кимдин күйөөсүн, аялын өзүнө гана кут кылсын! Бул нерсени ачыкка чыгарбай эле коёюн дегем. Бирок кээ бир үйүндө отуруп алып кыларга иши жок, күйөөсүн кызганып отурган айымдарга жооп бергим келди. Ооба, мындан 3 жыл мурда ушакчылардын, акыл үйрөткөндөрдүн айынан үй-бүлөбүз ураган! Бирок биз ал күндөрдү Кудайдын сыноосу деп билебиз. Жаманбы, жакшыбы ал эки баламдын атасы! Мындан ары алдыга койгон максаттарыбыз, келечегибиз бир! Урматтуу айымдар, эч кабатыр болбоңуздар. Менин үй-бүлөмдө баары мурдагыдан да сонун! Күч бирдикте!" - дейт ырчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости