www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кирешеси быйылкы жылдын жети айында эки эсе өсүп, 48 млрд. сомдон ашыш керек эле. Бирок, ал 37 млрд. сомго гана көбөйгөн. Мындай пикирин журналист Айданбек Акматов билдирди.
"Мамлекеттин акчасы...
Бажы жана салыктан акча көп түшө баштагынын мактаныч менен айтылып келатат. Чындыгында абал кандай?
Салык жана Бажы кызматы өткөн жылга салыштырмалуу киреше бир топ көбөйгөнүн маалымдап жатат.
Маселен, Салык кызматы быйылкы жылдын сегиз айында (январь-август) дээрлик 100 млрд. сом салык жыйнаганын, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34 млрд. сомго көп экенин билдирген. Салык кирешесинин көбөйүүсүн ККМдин таасири жана Кумтөрдүн кошумчасы төлөөсү менен байланышат. Ошондой эле кымбатчылык да өзүнүн салымын кошпой койбойт. Анткени товар канча кымбаттаса, анын салык төлөмү да пропорционалдуу түрдө өспөй койбойт
Бажы кызматы быйылкы жылдын жети айында (январь-июль) 37 млрд. сом топтогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 млрд. сомго көп. Бирок, бажы тармагы боюнча маселе бар. Ал маселе тышкы сооданын көлөмүнө байланыштуу. Анткени тышкы соода канча көбөйсө бажы кирешеси да ошончо өсөт эмеспи.
Импорт эселеп көбөйдү.
Тышкы соода демекчи, тышкы соодада импорт былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эседен ашык көбөйгөн. Быйылкы жылдын сегиз айындагы импорттун көлөмү 3 млрд. 207 млн. доллар болгон, мына ушунча суммага Кыргызстанга товар алып кирилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 208%га көп. Тактап айтканда, 2021-жылдын жети айында импорт болгону 1 млрд.538 млн. доллар гана болгон.
Демек, бажы кирешеси быйылкы жылдын жети айында эки эсе өсүп, 48 млрд. сомдон ашыш керек эле. Бирок, ал 37 млрд. сомго гана көбөйгөн...
Жалпысынан алганда, салык жана бажыдан түшкөн киреше, былтыркы жылдын сегиз айына салыштырмалуу 50 млрд. сомго көбөйгөн. Бул абдан олуттуу өсүш.
Бул каражат мугалимдердин, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берген.
Канча табылды, канча жумшалды?
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүүгө быйылкы жылы кошумча 7 млрд. сом бөлүнгөн. Социалдык тармактын, анын ичинде мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн олуттуу каражат жумшалган. Төмөнкү сандарды салыштырып, канча каражат жумшалып жатканын аныктап алсак болот.
Эгерде апрелде социалдык тармак кызматкерлерине айлык акы көтөрүлгөнгө чейин бюджеттен ай сайын аларга 3.5 млрд. сом жумшалса, апрелден кийин анын суммасы 7.2 млрд. сомго чыккан. Демек, бул тармак үчүн бюджет чыгашасы эки эсе көбөйгөн.
3.5 млрд. сом жылдык бюджетте же 12 айда 42 млрд. сомду түзсө, 7.2 млрд. сом 12 айда 86 млрд. сомду түзөт. Айлык акылар апрелден көбөйгөндүктөн 3 ай минус болот. Ошондо айлык көтөрүүдөн кийин, тогуз ай ичиндеги бюджеттин социалдык тармакка чыгымы 75-76 млрд. сомдун тегерегин түзөт.
Демек, мамлекеттик кызматкерлер жана социалдык тармак кызматкерлери үчүн бюджеттен болжолдуу эсеп менен 42 млрд. сом (76 млрд-42 млрд сом=35 млрд. сом+7 млрд.сом=42 млрд. сом) кошумча чыгымдалууда.
Мына ушул бюджеттин чыгашасынын 42 млрд. сомго көбөйүүсү бажы жана салыктан жети-сегиз айдын ичинде түшкөн киреше мененашыгы менен жабылып турат. Жогоруда айтылгандай, бажы жана салыктан жети-сегиз айда киреше 50 млрд сомго көбөйгөн. Башка дагы кандайдыр бир долбоорлорду каржылоого мүмкүнчүлүк кенен калып жатат.
Ички карыз неге көбөйдү?
Салык жана бажыдан киреше көбөйүп жатканына карабай быйылкы жылдын май айында ички базардан 8 млрд. сомдон ашуун карыз алынышы түшүнүксүз. Белгилүү болгондой май айында ички карыздын көлөмү 74 млрд. сомдон ашуун болсо, июнь айында анын көлөмү 82 млрд. сомдон ашып кеткен...
Кумтөр каражаты.
Ал эми Кумтөрдүн алтынын сатуудан түшкөн каражат эркин болуп, ал өлкө алдында турган олуттуу долбоорлорду максаттуу каржылоого негиз берип турган. Белгилүү болгондой Улуттук банк өткөн жылы 19 тонна алтынды 1млрд 100 млн долларга, быйылкы жылы “Кыргызалтын” 12 тонна алтынды 700млн долларга сатканын жарыялаган. Бул жалпысынан 1млрд. 800 млн. долларды же 153 млрд. сомду түзөт. Бул сан өндүрүш чыгымдары, салык төлөмдөрү менен коррекцияланат.
Тилекке каршы, алтын сатуудан түшкөн каражаттын кайда экендиги коомчулукка да, парламентке да белгисиз болуп турат...", - дейт Айданбек Акматов.