www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кыздарды "сүннөткө отургузууга" тыюу салынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мындай операцияларга жол берилбеши керек, анткени алар кыз-келиндерди майып кылып коет. Ошондой эле, бул кыздардын укуктарын бузуп жатат.

Анын кесепеттери инфекциялар, сепсис, сийдик чыгаруу жолдорунун инфекциялары, айыздын оорутуп келүүсү, кисталар, тукумсуздук жана төрөттүн татаалдашы, ал өз учурунда аялдын өлүм коркунучун жогорулатат, - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Эскерте кетсек, буга чейин саясатчы Феликс Кулов республикада аялдарды сүннөткө отургузуу учуру болгондугу тууралуу Фейсбуктагы баракчасында жазып, тиешелүү мекемелерди чара көрүүнү суранган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости