www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Осмонов «Исмаил-Ата» фондунун ишине жогору баа берди.

5-сентябрда Кыргызстандын айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында ал республикадагы эң чоң облус Кара-Суу экенин, анда 1 миллионго жакын жаран жашай турганын белгиледи.

«Ал жактагы тургундардын канча пайызы ичүүчү суу менен камсыз болгон?», — деп суроо узатты депутат Айыл чарба министерликтин өкүлдөрүнө. 

Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматы Дүйнөлүк банктын каржылоосунун алкагында 26 айылды жана Евразиялык фонддун эсебинен 18 айылды суу менен камсыз кылуу пландалып жатканын билдирди. 

Ошондой эле Осмонов Кара-Суу районунда сууну «Исмаил-Ата» фонду гана өткөрөөрүн баса белгиледи.

«Башка долбоорлор башталып, бирок бүтпөй, дацыма аягына чыкпай калат. Бир гана «Исмаил-Ата » фондусу ондогон чакырым суу түтүктөрүн узартты. Ишенбесеңер жергиликтүүлөрдөн сурасаңар болот, алар тастыкташат»,- деп баса белгиледи депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости