www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карап туруп кыргыздарга таң каласың.
Жөнөкөй бир той берүү үчүн боорсок жасаганда суу май менен унду Казакстан, Россиядан алабыз. "Жакшылап кийинип барыш керек, антпесе уят болот да"- деп кийимдер Кытай менен Түркиядан келет. Таттуу печенье момпосуйлар Белоруссия, Украинадан келет (чочконун майы кошулдубу чорт билет).
Тойго жөө барсак да кеп-сөзгө калып душман көзүнө япошкадан(машина) тээп алабыз. Жада калса өзүбүздөн чыккан кургак жемиштер Өзбекстан менен Тажикстандан таңгакталып келет. Ошентип кызылдай акчаларыбыз менен башкаларды байытып жатабыз. Миллиарддаган акчалар сыртка агып атат.
"Макул"- деп дааратканага кирип муктаждыгыңды бүтүрүп кагазды алайын десең "держателде" Made in Uzbekistan деген жазуу турган болот. Муну окуп алып асынып алгың келет.
Кыргыздар ушунчалык чоркок болдукпу, ыя!? Кайсы арыбызга тайраңдап той беребиз? Өндүргөн эч нерсебиз жок. Кудайдын куттуу күнү той. Акчалар сыртка суудай агып жатат. Бекеринен дунгандар жалкоо чыккан баласын "кыргыз" деп урушпаса керек. Айланайын кыргызым, кур намысты жыйыштырып, чукулашмайды токтотуп бир пайдалуу зат өндүрөлү!
Сөөк чыккан жерде тарп аңдыган кузгундай болуп эт аңдып, устукан талашып жүрөбүз. Жетимдин саап иче турган уюн жыга чаап жеп кетебиз, а жетим менен жесир калат томсоруп.
"Сакалың өрттөнгүр"- деп айтайын десек карыларыбызда сакал деле жок, сөөлөт деле жок. Той боло калса келини менен сөлпөктөп бийге түшөт. Атың өчкүрдү шынгытмай...
Анан жүрөсүң менин чоң атам улакчы болгон, менин бабам баатыр болгон, кошуна уруунун жылкысына тийип келчү деп.
Ататүрк айткан экен" Бир нерсе өндүрбөгөн эл кул болот же жок болот" - деп.
Тезинен "Кыргыз өндүрүш" кыймылын түзүш керек болуп турат.
Маалымат Facebook социалдык баракчасынан алынды.