www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика илимдеринин доктору, доцент, Россия табигый илимдер академиясынын профессору, Табигый илимдер академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун директору Чортомбаев Улан Тыргоотович казак боордошторго кайрылуу жасады.
Ал өзүнүн Facebook`тагы баракчасына Кыргызстанда суунун аздыгы курч көйгөй жаратып жатканын, ошондуктан кыргыз тарап казак тарапка суу берүүнү токтотуп койгонун түшүндүрдү. Ошондой эле ал спутниктен Талас районундагы Киров суу сактагычынын сүрөттөрүн жарыялап, сөзүн факты түрүндө ырастаган.
"Казак баурларга кайрылуу
Урматтуу бир боор казак туустар!
Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу машиналарды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин биз силерге суу бербей токтотуп койду деп түшүндүрүп жатасыңар. Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү ахыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры. Келгиле бири бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат. «Ынтымак бар жерде ырыс бар». Ырысыбызга түкүрүп албайлы.
Қазақ халқына үндеу
Құрметті қазақ бауырлар!
Сіздер біздің жүк көліктерді кеден бекеттерінен өткізбей, шекара бекеттеріңізде ұзын-сонар кезекке тұруға мәжбүр еттіңіздер. Оның себебін су беруді тоқтаттық деп түсіндіруде сіздер тарап. Көктемнен бері Киров және Орта-Токой су қоймаларынан үздіксіз су беріп тұрдық. Өзімізде су болмаса да екі ел арасындағы келісім, хаттама, міндеттемелерді толық орындадық. Көріп отырғаныңыздай, бұл Киров су қоймасының көктемде су толған кездегі алғашқы спутниктік суреті. Екінші фото бүгінгі күннің жағдайы. Су жоқ. Су жоқ болса не бере аламыз? Су бар кезде су берілмейді деп ойламаңыздар. Қазір 21 ғасыр. Барлығын спутник арқылы көруге болады. Бұл судың түбінде балықтар бар. Осы суды төгіп тастасақ, балықтар өледі. Өйткені, балықтың өмір сүруге құқығы бар. Бір-бірімізге бөгет жасамай, ағайындық қарым-қатынаста жұмысымызды жалғастырайық. Шекараларыңызды жаппаңыз, керісінше көліктердің жиі өтуіне мүмкіндік беріңіз. Ертең тағы да су қажет болады. «Ынтымақ бар жерде бірлік бар». Ырысқымызға түкірмейік.
Құрметпен,
Чортомбаев Улан Тыргоотұлы — экономика ғылымдарының докторы., доцент. Ресей жаратылыстану ғылымдары академиясының профессоры, Ресей жаратылыстану ғылымдары академиясының академигі. Қырғыз Республикасының Ауыл шаруашылығы министрлігіниң, суару ғылыми-зерттеу институтының директоры", - деп жазган ал.
Эскерте кетсек, КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн саат 12:00дө "Ак-Тилек - унаа жолу" постунун алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн 430га жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Кечээ саат 18:00гө карата кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын саны 370 болчу.
Ошол эле учурда Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөрүлдү. КР УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатканын белгилейт.
Булак: NazarNews.kg