www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров БРИКСтин саммитине катышуу үчүн Йоханнесбургга келди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдайт.

Аэропортто аны бий менен тосуп алышты.

БРИКСтин саммити Түштүк Африкада 22-24-август күндөрү өтөт. Жыйындарга Россия тараптан тышкы иштер министри катышууда, ал эми президент Владимир Путин саммитке видео форматта катышат.

Лидерлердин күн тартибиндеги негизги темалар уюмду кеңейтүү жана улуттук валютага өтүү болору күтүлүүдө.

Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлиги буга чейин 23 өлкө БРИКСке кирүү үчүн расмий арыз бергенин жана дагы бир нече мамлекет бейрасмий деңгээлде кызыкдар экенин билдирген. Жалпысынан ЮАР саммитке “глобалдык Түштүк” жана Африканын 67 өлкөсүн чакырган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости