www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын улуттук баш кийими - калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев ("Республика - Ата Журт" фракциясы) сунуш кылган долбоорго ылайык "Бузуу жөнүндө" кодекстин 65-беренесине "Улуттук баш кийим Ак калпакты мазактоо (кордоо)" деген толуктоо киргизүү каралган.

Эгер сунуш колдоо тапса, жеке адамдар үчүн 10, ал эми юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынат.

Мыйзам бузуу болгон-болбогонун аныктоо укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет. Долбоордун авторунун айтымында, жаңы норма мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарга алып келбейт.

Кыргызстанда Ак калпак күнүн өткөрүү демилгеси 2011-жылы көтөрүлүп, 2017-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

2017-жылдын декабрь айында Бишкекте "Dog’s Fashion Show 2018" көргөзмөсү өтүп, анда иттердин бирине калпак кийгизип чыгышканы коомчулукта нааразылык жараткан.

Булак: "Азаттык"

Последние новости