www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев жана саясатчы Азимбек Бекназаров "Апрель" телеканалын сотко берди.

Бул тууралуу телеканалдын директору Дмитрий Ложников өзүнүн

"Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Жогорку Соттун маалымат кызматы бул маалыматты азырынча тастыктай элек.

Буга чейин Келдибеков жергиликтүү “NUR TV” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча аны сотко бере турганын айткан:

- Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн сотко берем. Эгерде ошол сотко келип далилдеп бербесе, мен соттон жоопко тартсын деп талап кылам, деген Келдибеков.

Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы маегинде Ахматбек Келдибековду коррупцияга байланыштуу айыптаган.

14-декабрда Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday.kg сайтын сотко бергени белгилүү болду. Келдибеков "кадыр-баркыма шек келтирди" деген арыз менен бул сайтка 1 млн. сом доо койгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости