www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров менен Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусунун чек ара постторуна жана санитардык-карантиндик посттордун абалы менен таанышып, кошумча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 29-30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров,  ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал майору Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында жана Ош областынын Ноокат райондорунда укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, чегара кызматтарынын жана  мамлекеттик мекеме-уюмдарынын  өзгөчө кырдаал убагындагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу менен бирге аткарылып жаткан иштердин сапаты COVID-19 илдетин жоюу жана таркалып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар менен жакындан таанышты. Алар кыргыз тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү максатында Лейлек районундагы Интернационал айылындагы жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү жайларына барды. Акрам Мадумаров менен Сүйүн Өмүрзаков бул пункттардын ишин көрүп, санитардык-эпидемиологиялык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле вице-премьер-министр чек арага чектеш жайгашкан Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарына барды. Ал Чек арага чектеш райондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын айрым пункттарын ишке ашыруунун жана жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмаларды берди. Айрыкча Баткен областындагы чегара  өтмөктөрүндөгү санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттор, ал посттордо кызмат  өтөп жатышкан кызматкерлер менен медиктердин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, аларга өз милдеттери кынтыксыз  аткаруу туурасында тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости