www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарындагы АКШ элчилигинин алдында митинг өтүүдө. Чогулгандар Нью-Йорк эл аралык сотунан «Центерранын» «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоо жөнүндө өтүнүчүн четке кагууну талап кылып жатышат.
Акцияга болжол менен 40 адам катышууда. Алардын бири Канышай Рысбаева Нью-Йорк эл аралык сотунун «Центерранын» өтүнүчүн караган отуруму эртең, 17-августта болорун айтты.
«Центерра» 20 жылдан бери мыйзам бузуу менен иштеп келет. Эки мөңгү: Лысый жана Давыдов талкаланды. Ошондой эле мөңгүлөргө калдыктарды топтоп келишкен. Андан тышкары Нарын дарыясы булганууда», - деди Рысбаева.
Ал 2009-жылдан бери «Кумтөр Голд Компани» тарабынан бир катар салыктар төлөнбөгөнүн айтты.
«Нью-Йорк эл аралык соту бизге көңүл буруп, «Центерранын» мыйзам бузууларын эске алсын деп чыктык. Сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарат деп күтөбүз», - деди Рысбаева.
Булак: NazarNews.kg