www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Газа тилкесиндеги балдардын өлүмүнүн «кабыл алынгыс» экенин Израилге «ачык түрдө» билдиргендерин маалымдады.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Газадагы шарттардын «коркунучтуу» экенин белгилеген Миллер: «Колдорундагы азыгын балдарына берүү үчүн тамактанбай калган көптөгөн ата-энелердин бар экенине ишенем. Ушул себептен балдардын өлүмү кабыл алынгыс жана муну Израиль өкмөтүнө ачык түрдө айттык»,-деди.
Аймактагы кагылышуулардын башталышы жана андан келип чыккан гуманитардык абалдан Хамастын жооптуу экенин эске салган Миллер: «Бирок Израилдин көйгөйдү чечүү жана азык-түлүк агымын камсыз кылуу үчүн дагы көп нерсе жасашы керек, Палестина элинин чыныгы, олуттуу гуманитардык муктаждыктары бар»,-деп айтты.
Миллердин билдирүүлөрү, Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудранын, Израилдин тоскоолдуктарынан улам гуманитардык жардам жеткириле албаган Газа тилкесинин түндүгү менен Газа шаарында 3-мартта 15 баланын ачкачылыктан каза болгонун жарыялоосунан жана БУУнун жооптуу кызматкерлеринин ырастоосунан кийин жарыяланды.
Израилдин аймакта 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында кеминде 13 миң 430у бала, 8 миң 900ү аял жалпы 30 миң 631 палестиналык каза болуп, 72 миң 43ү жараланды.