www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Навальныйдын камалганына тынчсызданууда

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кошмо Штаттар орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын камалышына «тынчсызданып жатканын» билдирди.

Ал буга байланыштуу Москвага карата жооптук чара көрүү ыктымалдыгын да четке каккан жок.

«Биз Навальный мырзанын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатабыз. Эң башкысы, анын үнү — бул орусиялыктардын көпчүлүгүнүн үнү. Алардын оозун жапкандын ордуна угуу керек», — деди Блинкен.

Анын айтымында, президент Джо Байдендин администрациясы мындан тышкары Орусиянын башка аракеттерине да реакция кылуу мүмкүндүгүн караштырууда. Алардын арасында Москванын АКШдагы 2020-жылкы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү, Алексей Навальныйдын ууландырылышы, өкмөттүк серверлерге жасалган киберчабуулдар жана Ооганстандагы америкалык аскерлерди өлтүргөндөргө сыйлык берүү сунушу бар.

Эске салсак, 26-январда АКШ жана Орусия президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Джо Байден Кремлди сындап жүргөн Алексей Навальныйдын камалганына тынчсыздануусун билдирген. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путин Байденге «иштин жагдайын түшүндүрүп берген».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости