www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ өзүнүн жарандык учактарына Жакынкы Чыгыштын аймагында (Иран, Ирак, Оман булуңу) учууга тыюу салды. Маалыматка караганда 7-январдан 8-январга оогон түнү 3:30да Ирандын ракеталык чабуулунан улам АКШ авиабазасында Аскердик аба күчтөрүнүн учуу жана конуу тилкесиндеги бир учагы жок кылынган. Бул тууралуу АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармасы (FAA) билдирди.
Башкармалык билдиргендей, тыюу аскердик ишмердүүлүк жана Жакынкы Чыгыштагы жогорку саясий чыңалууга байланыштуу. Бул тыюу каттоодо турган бүт америкалык авиакомпанияларга, жеке инсандарга, учактардын операторлоруна тиешелүү экендиги маалым.
Эске сала кетсек, Иран Ирактын “Айн-аль-Асаддагы” АКШнын аскердик авиабазасына ракеталык чабуул жасаган видеосун жарыялаган. Ирандын Сакчылар корпусунун атайын багыттагы "Кудс" аскер бөлүгү авиабазага урулган сокку боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алган.
Муну алар “генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу” деп аташты. Ирандык Tansim агенттигинин маалыматына караганда, "Айн-аль-Асад" базасына 35тен ашык ракета багытталган.
Булак: NazarNews.kg