www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ мурдагы президенти Дональд Трампты "Кытайдын желеги астында Орусияны бомбалоону" сунуштаган деп айыптоодо. Бул тууралуу 6-мартта The Washington Post гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 5-мартта Республикалык партиянын демөөрчүлөрүнүн иш-чарасында Трамп "F-22 учагына Кытай желегин илип, Москва менен Пекиндин ортосунда кастыкты козутуу керек",- деп айткан.

Ал эми, "АКШ бул окуяга сырттан байкоо жүргүзүп турат. "Биз Кытай кылды, биз кылган жокпуз, мунун баары Кытайдын иши" деп айтыбыз”, - деген Трамп.

Эске салсак, 4-мартта Трамп АКШ президенти Джо Байдендин кыйратуучу саясатынын натыйжасында өлкө тозокко бара жатканын айткан. Анын айтымында, мамлекет башчысынын ишмердүүлүгү боюнча соңку сурамжылоонун жыйынтыгында Байдендин рейтинги 37%га түшүп, эң төмөнкү чекке жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости