www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадан Польшага 1178, Молдовага 138 тажикстандык чыгып кетти. Бул тууралуу 5-мартта Тажикстандын Киевдеги элчиси Давлатали Назризода билдирди.

Тажикстандын бийлиги буга чейин Украинадагы жарандары качан жана кандай жол менен мекенине жеткириле турганы боюнча эч кандай маалымат берген эмес. Өз кезегинде тажикстандыктар өкмөттү алар үчүн атайын эвакуациялык каттамдарды уюштурууга чакырып жатышат.

Ал ортодо Польшада жашаган тажик жарандары жүздөгөн мекендешине азык-түлүк жана баш калкалоо жагынан жардам беришкенин билдирүүдө. "Биз Тажикстандын 667 жаранына жардам бердик. Алардын ичинде 118 кичинекей бала жана өспүрүм бар. Польшада такси айдап иштеген тажиктер аларды бекер ташып жатышты", - деди Польшадагы тажикстандыктар түзгөн Саясий туткундарды коргоо боюнча жарандык комитеттин мүчөсү Саидисхок Бобоев.

Тажикстандын Дилафруз аттуу 35 жаштагы жараны Украинанын Херсон шаарынан Польшага качып барган. Анын айтымында, ал бир нече күндөн бери Польшадагы тажикстандыктардын биринин үйүндө жашап жатат.

"Украинада мен кондитердик цехте иштеп, Тажикстандагы үй-бүлөмө жардам берчүмүн. Эми Польшада калып иштесемби деп ойлоп жатам", - деди ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусия Украинага кол салганга чейин бул өлкөдө Тажикстандын 4 миң жараны консулдук каттоодо турган.

Эске салсак, 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасс жумурияттарынын жетекчилеринин жардам сурап кайрылуусуна жооп катары Украинага каршы согуш башталганын жарыялаган. Ал Украинанын аймактарын оккупациялоо Москванын пландарында камтылбагандыгын баса белгилеген. Согушка жооп катары АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия жана башка бир катар мамлекет орусиялык жеке жана каптталган уюмдарга каршы санкцияларды киргизген.

28-февралда Гомель облусунда биринчи орус-украин сүйлөшүүсү болуп, жолугушуу беш саатка созулду. Орусиялык делегацияны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп келген. Анын айтымында, делегация украин тарап менен макулдашууга жетүү үчүн канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт сүйлөшүүгө даяр.

Экинчи тур 3-мартта Беловежская пущада өттү. Украин тарап менен жетишилген макулдашууларды Мединский олуттуу жылыш деп атады. Тактап айтканда, Москва менен Киев калк үчүн гуманитардык коридорлорду ачууга макулдашкан. Диалогдун үчүнчү айлампасы жакынкы күндөрү болоору күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости