www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ кудайды карабай атаандаш мамлекеттердин оппозициясын колдоо максатында акчасын туш тарапка чача баштады. Албетте, мындайда “Азаттык”, “Свобода” сыяктуу үн алгылар кокодон акча алары бышык. Орусия, Казакстан, Кыргызстандын оппозициялары оюн салышып, АКШтан келе турган акчага үмүт артышып, бийликти алмаштыруу үчүн акактап турушат. Кытай баш көтөргөндөрдү, уйгурларды төбөгө чаап, азыркы замандын шартына ылайык “концлагерлерге” тыга баштады. Дональд Трамп келерки дүйшөмбү күнү жарыялачу АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дагы бар экен. Биздин мамлекет Иран жана Венесуэла катары каралып калганы, бул АКШ менен биздин атайын кызматтар толугу менен кол үзгөнүндө.Мунун себебине кийин токтолобуз. Быйыл биз менен катар АКШда да президенттик шайлоо өтөт.
Текебаев-президент, Ташиев-премьер-министр болобу?
“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Бабанов дегенде колундагы папкеси учуп кетчү, 2013-жылы Бабанов менен биригип “Республика-Ата-Журт” партиясын түзүп, оозунан алдырган бөрүдөй болуп, Бабанов “кидать” этип, парламенттен тышкары кур жалак калган. Эми ал алдануудан тажабай “Ата-Мекендин” жол башчысы Өмүрбек Текебаев менен бириккени туру. Электораттын оюнда Ташиев Текебаев дегенде кучунашы кармаганы менен, кээ бир учурларда, айрыкча камактан бошогон 2013-жылы ал баскан ашка барып, курсагын тойгузуп жүргөн жагдайы бар. Ал эми Текебаев болсо шайтан менен да биригүүгө даяр. Текебаев Руслан Казакбаев берген тойго барып, аны мародер деп жүрүп өкмөт башчысынан Текебаевдин демилгеси менен оодарылган Бабанов менен кучакташып, Атамбаевдин катын-баласын ай асманга көкөлөтө сыйлаганы эл эсинде. Эми Ташиев экөө жабык эшик артында, эл барбаган жерлерде жолугушуп, келечек пландарын талкуулай баштаганын эшиттик. Айрыкча, оппозиция талаасындагы боштукту чогуу ээлеп, шайлоого ыр менен кирип баруу боюнча ойлору бар экен. Анткени, АКШ Конгресси салмактуу оппозициянын бийликке келишине акча каржатын аябайт. Жаз айына тымызын даярдануулар күч алып бараткансыйт. Эгер Текебаев –Ташиев тандеми түзүлсө бул бир гана парламенттик шайлоону максат кылбай, бийликти оодарууну да самап жибериши ыктымал. Анда Текебаев-президент, Ташиев-премьер-министр болобу?
Текебаев өзүн бошоткон бийликке асылып, өзүн камаган бийликти колдойбу?
Атамбаевдин бийлиги учурунда мародерчулук боюнча “ит жебеген бокторду” жешип жүрүшкөн, азыркы учурда бириге калып түзүшкөн Текебаев менен Бабановдун боор толгоосу, баласын бапестеп Атамбаевди өзүнө жакындатып жатканы шайлоочулардын оозун ачырууда. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Эркин маалымат» каналына берген маегинде «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен бир үстөлдө отурганы боюнча кенен комментарий да берген. Текебаев Руслан Казакбаев берген тойго барып Бабанов менен мамиле түзгөнү бул Атамбаев тарапка ыктап баратканы. Атамбаевдик бийликтен жабыр тартышып, кордук көрүшкөндөрдү азыркы бийлик түрмөдөн чыгарып, үй камагын берип, шартын жакшырткан. Бир топ өзүн саясатчы атагандар түрмөдөн биротоло чыгып да кетишти. Атамбаевдин командасы менен иштеп жаткан бийликтин алсыздыгыбы же Өмүрбек Текебаев сыяктуу түрмөдө жатканда бийликти мактап, түрмөдөн чыгар менен бийликтин артына суу куя баштагандардын өз билемдигиби акыркы мезгилде алар өчүп бараткан оппозициянын отун үйлөп тутанта баштагандай. Балким, Текебаев бийликтен мансап үмтөтүп жатабы? Анткени, Азимбек Бекназаров Малайзияга элчи болуп кетип оозун жапты, ал эми Адахам Мадумаров эмне мансап берсе да желип-жортконго дапдаяр.
Текебаев Атамбаевдин адилетсиз бийлиги учурунда эмне гана кордук көрбөдү, 2016-жылы декабрда болгон конституция боюнча референдумга каршы чыгып, 2017-жылдын февралында, Владимир Путин Бишкекке келген күнү Белизден келатып, чырылдаган бойдон түрмөгө кете берген. Анан бийлик алмашкан соң, Жээнбеков : “Чык эшикке” –деп түрмөдөн чыгарган. Текебаев үй камагына чыгып, үй-бүлөсү, туугандары менен аралашып, биротоло эркиндикке чыгууга аракет жасоо мүмкүндүгүн алган. Эми Текебаев Жээнбековдун жакшылыгын унутуп ат тезегин кургатпай Жалал-Абадга, Ошко каттап, саясий ишмердигин жүргүзө баштады. Андан тышкары Орусияга тишин кайрап турган АКШ Орусиянын союздаштарынын барын дүрбөтүп, Кыргызстанга окшогон Орусиянын ШКУлаш, ЕАЭБдеш мамлекеттердин “паччагын” “асмандан танытуу үчүн” акча каражаттарын бөлө баштаган. Бул акчага ээ болсо да “эски малдын көзүндөй” көздөрү гана жалтырап тааныш бойдон калган, бирок дарамети, партиясы чачырап бүтүп калган Текебаевге окшогон акча десе текирең таскак салгандар жуда керек маал.
Текебаевдин “Ата-Мекен” партиясынын ахыбалы кандай?
Быйыл 2020-жылы бизде парламенттик шайлоо, АКШда президенттик шайлоо өткөнү турат. Бирок, шайлоонун алдында карт тарыхы бар партиялар ичинен бөлүнүп жарылып жатат. Өмүрбек Текебаевдин камчысын чаап, катыра кызмат өтөп келаткан Бактыбек Калмаматов "Ата -Мекен" партиясынын катарынан кеткен. Ал жол башчысына катуу таарынгандай. Калмаматов го жаш бала экен, Аскар Акаевдин да, Курманбек Бакиевдин да доорунда сатпай, жанында жүргөндөрдү "садага чапкан" Текебаевдин жүрүшүнө түшүнбөдүк.
Бактыбек Калмаматовдун 2015-жылы парламенттик тизмеге киргизбей, "Ата -Мекен" партиясынан биротоло "куулушуна" экс-министр Алманбет Шыкмаматов себепкер болгон имиш. Ал Бактыбекти партиянын сырын ачты деп Өмүрбек Текебаевге шыбап атып, акыры түбүнө жетиптир. Калмаматов деле оңой жоо эмес, Шыкмаматовдун "Ата -Мекендеги" кайсы айым менен "сүйүү түндөрүн" өткөргөнүн, ага үй, машине белек кылганын ашкерелесе керек. "Ата -Мекенчилердин" эл билбеген купуя сырларын "ата мекенчилердин" өздөрү ачканы кызык да, эй!
Эми болсо атактуу атамекенчилер жылан чакпай, жылкы теппей дейин десең экс-лидер менен эмки лидери "тебишип" Алманбет Шыкмаматов баштаган бир катар мүчөлөрү партиядан чыгып кетишти. Көп өтпөй эле Кара-Кулжаны Санта-Клаустун мекени деп жүргөн Турусбек Мамашевдин кызын лидер кылып алышты. Ал эми Мамашева, Шыкмаматов жакынкы аралыкта бул тууралуу атайын билдирүү жасап, мындан аркы кадамдары тууралуу кеңири айтып беришмекчи. Алар Өмүрбек Чиркешовичтин эл билбеген сырларын коомчулукту дүрбөтүп, жар салабыз деп турушат. Күтө туралы.
Дал ушул маселе боюнча Конституциянын атасы делген Текебаевге кайрылышканда, Өмүрбек Чиркешович кызаңдап, журналистке "тилиңди жутуп алдыңбы, айт" дегенге чейин барган. Дагы бир мүчөсү, экс-депутат Равшан Жээнбеков Атамбаевге каршы саясат жүргүзүп жүрүп, быйыл АКШтагы кожоюндарынын сунушу менен Атамбаевге ыктап, Кой-Ташты козутканы үчүн камалып жатканда “Ата-Мекен” биригишип бир ооз сөз айтышканга жараган жок.
“Ата-Мекен” партиясынан министр болгон Кудайберген Базарбаев, “Ата-Мекен” партиясынын башына кыйынчылык түшкөндө жөөлөп-таяп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын ЮНЕСКОдон өткөзүп жүргөн Карганбек Самаков каякта? “Атамекенчи” Өмүрбек мырза Абдрахманов саясатка кол шилтеп алма тигип, “Алма королуна” айланып кетти. Кыргыз мунайзатын бүт ээлеп алган Сайдулло Нышанов деген атамекенчи Текебаев камалып жатса Атамбаевге “Кыргыз эл Баатырын” бербесек асынып өлөм деп жүрчү. Ичип жеп камактан чыккан Равшан Сабиров менен Батукаев боюнча камалып, Атамбаевге көө сыйпап жатып камактан бошотулган мурунку Башкы прокурор Аида Саляновалар ооздоруна талкан сугунуп алгансып унчугушпайт. Жоомарт Сапарбаев деген атамекенчи парламенттеги ордун тарттырып, акчанын айынан бизнеске кеткен, эми салмактуу адамдын кызына нике кыйып ахыбалы оңолгондой.
Дагы бир атамекенчи Ширин Айтматова АКШдан келген акчага таянып "Үмүт - 2020" деген кыймылды түзгөн. Дагы бир мүчөсү, юрист Канатбек Азис Текебаев жек көргөн Матраимов Райымдын жактоочусу болуп алыптыр. Кыскасы шайлоонун алдында ата-мекенчилер чилдей тарап, Текебаев өзү айткандай партия лидерлеринин эшиктерин сагалап калышабы? Канчасы садага чабылышат?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg