www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Башкы ассамблеяда сүйлөп жатып учурда дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткан төрт көрүнүш бар экендигин баса белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Гутррештин айтымына караганда, коркунуч жаратуучу төрт кооптулукту көрүп турарын билдирген.

Анын биринчиси — "геостратегиянын болуп көрбөгөндөй чыңалып турушу". Ошондой эле бул чатактар адамдарга азап алып келерин, өзөктүк курал кооптуулугу улам өскөнү байкалгандыгын айткан.

Экинчиси — климаттык каатчылык. Дүйнөдө орточо температуранын өсүшү күндөн-күнгө  байкалып, миллиондогон жаныбарлар жоголуу коркунучуна кабылгандыгы.

Үчүнчү -  "улам арбып бара жаткан глобалдуу деңгээлдеги ишенбөөчүлүк" деп атаган. Дүйнөдө саясий мекемелерге болгон ишеним азайып; үч кишинин экөө теңсиздик жайылган өлкөдө жашарын; ааламдашуунун пайдасынан адамдар уламдан-улам шек санап баштагандыгын жар салды.

Соңку жамандык —  "санарип дүйнөнүн караңгы жактары".

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости