www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго
Кыргыз Республикасынын премьер-министри М.Абылгазиевге
Кыргыз Республикасынын Жайыт Департаментинин жетекчиси Мырзакматов Урмат Акмырзаевичке
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Малабековдон, Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Мамакеевден
А Ч Ы К К А Й Р Ы Л У У
Биздин сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: Урматтуу өлкө башчылары: өзүңүздөргө белгилүү, жайыттардын абалын жакшыртуу, жайыт пайдаланауучулардын иш аракетин жөнгө салуу максатында 2009-жылдын 26-январында “Кыргыз Республикасынын “Жайыт мыйзамы” кабыл алынган. Ошондон баштап райондун айыл аймактарынын ортосундагы жайыттардын чек аралары боюнча талаш-тартыштар башталган. Жогорудагы маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагы менен, Кызыл-Жар, Ак-Суу айыл аймактарынын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан.
Себеби, 1964-жылы 12-майдагы, ошол кездеги Ош обл исполкомунун №237 чечими менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы 5085 га жайыт ошол кездеги “Кызыл-Жар” совхозуна, 14600га жайыт “Ак-Суу” совхозуна узак мөөнөткө пайдалануу үчүн берилген экен. Бир жагдайды эске алуу керек: 1964-жылы “Кызыл-Жар” совхозу ошол учурдагы Ленин, азыркы Ноокен районуна караган. “Жайыт мыйзамына” ылайык “чек араларды тактоодо учурдагы административдик-аймактык бирдиктердин чектерин эске алынуу керек эле” (3-берене 2-белук) Бирок, андай болбой Кызы-Жар, Ак-Суу айыл өкмөттөрү “Жайыт мыйзамындагы: “мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча ”(3-берене 2-бөлүк) деген аныктаманы жүйө келтиришүүдө. Бул маселеде төмөнкү жагдайлар эске алынышы керек эле деп эсептейбиз:
1. 1964-жылы Кыргызстан СССРдин курамында болуп, экономикалык түзүлүш башка нукта болгон жана мал чарбачылыгы мамлекетке таандык болгон.
2. Пландуу экономикада, кой чарбачылыгын өкүктүрүү үчүн, жайыттар ошол кызыкчылыкта бөлүштүрүлгөн.
3. Учурда өлкөбүз эгемендүү мамлекет, экономикабыз жеке менчике негизделип өнүгүүдө.
4. СССР кезиндеги бардык мыйзам актылары өз күчүн алда качан жоготкон, Конституция дагы.
5. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарында малдын башы бир нече эсе көбөйүп, жайыт тартыштыгы жаралууда.
6. Жыйынтыгында, көп кылымдар ата-бабаларыбыз сактап келген жайыттардын кыртышы бузулуп, зыянга учурап жок болуп кетүү коркунучу жаралууда.
7. “Кызыл-Жар”, “Ак-Суу” айыл өкмөттөрүнүн жайыт комитетинин жетекчиси, айылдык Кеңеши, айыл өкмөтүнүн башчылары жогорудагы жагдайларды эске албастан жеке кызыкчылыктарын көздөшүп, аймактардын жашоочуларынын ынтымагына доо келтиришип, узак жылдар чогуу жайытты пайдаланышкан карапайым тургундардын бекем биримдигине терс таасир тийгизе турган иш аракеттерди жасашууда. Мисалы: 2019-жылы 3-июнда “Кызыл-Жар” айыл өкмөтүнүн учурдагы жайыт комитетинин төрагасы Байыш аттуу жаран эч ким менен макулдашпай эле, Кара-Суу айыл өкөтүнүн аймагындагы жайлоого кетүүчү жолду тоскон. Аны менен кошо Кызыл-Жар милиция бөлүмүнүн ага лейтенанты, “Ынтымак” телеканалынын кабарчылары жана башка адамдар да болушкан. Алардын иш аракети чагымчыл мүнөздө болуп, ошол жердеги айыл тургундарынын нааразычылыгын туудурган, ортодо пикир келишпестиктер жаралган. Ал жерге Кара-Суу айыл өкөтүнүн башчысы, айыл Кеңешинин депутаттары, айыл аксакалдары барышып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, абал жөнгө салынган. Кызыл-Жар ЖПБ нын төрагасынын колунда “Жайыт Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө таандык” деген Аксы райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана жерге болгон укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан берилген тактама болгон. (Анын жасалма экендиги прокуратура тарабынан аныкталды) Биз ойлойбуз: Укуктук эл кээде мындай “жапайы” жол менен маселени чечүү мүмкүн эмес. Ортодо жаңжал чыкса ким жооп берет деген суроо жаралат. Бул маселелер боюнча Аксы райондук жайыттардын чек араларын тактоо боюнча түзулгөн атайын комиссия (төрагасы, акимдин 1-орун басары Эмилбек уулу Талант) жеткиликтүү иш жүргүзбөй жатышат. Ошондуктан көйгөйлөр чечилбей келүүдө. Акырында айтаарыбыз: Жайыт маселеси, талаш-тартыштар, мыйзам чегинде, элдин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилгендиги туура деп ойлойбуз. Сиздерден акыйкат чечим күтөбүз.
Урматтоо менен, Кара-Суу айыл Кеңешинин төрагасы: Малабеков Т. Кара-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы: Мамакеев С.
Булак: NazarNews.kg