www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Тилекмат Куренов Америкада митинг кылабы?

Саясий куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген жарандык активист Тилекмат Куренов Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин алдында митинг өткөрө турганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу айтты. 

“Урматтуу мекендештер!!! Өтө ыкчам жардамыңар керек! Бүгүнкү кылмыштуу бийлик келгенден баштап саясий куугунтука кабылган жарандардын (саясатчы, активист, журналист, ишкер) тизмеси керек. Кемпир-Абадчылардан башка. 
25.09 буюрса Вашингтондогу өзүбүздүн элчиликтин астында митинг өткөзгөнү жатабыз. Митингдин максаты Кыргызстандагы болуп жаткан укуктук башаламандыкка, саясий террорчулука дүйнөлүк коомчулуктун көнүлүн буруу. Биз сиздер менен биргеликте кылмыштуу бийликтин мыйзамды тебелеген өзүм билемдигине каршы турушубуз керек”,-деп билдирүү калтырган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости