www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президенттин шопурунан өлкөнүн «серый кардиналына» чейин жеткен Икрам Илмияновдун соту жүрүп, күбөлөр көрсөтмө берип жатат. Ага коюлган айып «алдамчылык» деген берене. Икрам Илмияновго башка кандай берене койсо жарашат эле? Бирок, «алдамчылык» деген айып окшошпой турат…
Илмияновго Беларустун «Дизель Комплект» деген ишканасы «150 миң доллар алып, маселебизди чечип бербей койду» деп арыз менен кайрылышкан. Мына ушул Илмияновдун «Дизель Комплект» менен ишиндеги эң маанилүү адам Чыныбек Анарбек уулу кечээ 9-октябрда сотто көрсөтмө берди. Бул жигит 2015-жылдан тарта Икрам Илмияновдун жардамчысы болуп иштеген. Чыныбек Анарбек уулу «Дизель Комплекттен» 150 миң долларды алып, Илмияновго алып барып бердим» деп көрсөтмө берген. Сотто Чыныбек Анарбек уулуна таанышы Эмил аттуу бала «Дизель Комлекттин» ишин чечип берүүнү суранганын, бирок баш тартып, акыры сурана бергенден, Илмияновдон тактап көрүп, «шайлоого каражат керек болуп жатат» деп 150 миң доллар алып, Илмияновго алып барып бергенин айтты. Ошондой эле бул иште «Дизель Комлекттин» өкүлү, акчаны берген Асел Чымырбаева менен эки жолу жолукканын мойнуна алды. Сотто адвокаттар «бул мыйзамсыз иш экенин билип туруп, эмнеге прокуратурага кайрылган жоксуз?» деген суроого «мен өтүнүчтөрдү гана аткаргам» дейт.
Эми кызык жери, чет элдик компаниядан мыйзамсыз ишин «чечип берем» деп; Эмил аттуу бала аркылуу (Эмил классташы болушу мүмкүн) 150 миң долларды алып, көмүскө иш бүтүрүп жүргөн Чыныбек Анарбек уулуна кылмыш иши козголбой, тескерисинче, кызматтан көтөрүлүп, Акүйдүн 7-кабатына жеткени. Чыныбек Анарбек уулу учурда президенттин аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери, Жалал-Абад облусунун куратору болуп иштейт. «Дизель Комплект» ишинде ботконун баарын чалып, эми бир кездеги шефи Илмияновду сатып көрсөтмө берип жүргөнү кызык эле болуп жатат.
«Кылмыштын курамы ачык көрүнүп турса да, Чыныбек Анарбек уулуна эмнеге кылмыш иши козголгон эмес, эмнеге баш коргоо чарасы аныкталган эмес?» деген бир топ суроолор бар. Же, коррупция менен күрөш Акүйдүн кызматкерлерине тийешеси жокпу? Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg