www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзү чыгармачыл киши болгону менен бизнестин эбин таап, бийик “Акун” деген “чепти” куруп алган Чыныбай Турсунбековдун да кунары кетип бараткандай абал жаралганы калп эмес. Эгерде анын итин “чып” дешпегенде трибунага чыгып алып актанууга бармак эмес. Негедир акыркы кезде мурда жагалданып эле жүргөн эл өкүлдөрүөзүнүн мүмкүнчүлүгүн колдонуп “Акунду” тескери жактан көрсөтүп, рыноктон сүрүп салууга ниетин бурганы жөн жерден эместир? Бул албетте, кооптонууну жараткан сокку десек болот. Ошол үчүн Чыныкең чырылдап коңгуроо каккан кези.

Туура, Турсунбеков өлкөдөгү экинчи адамга чейин айланганын унута элекпиз. Спикер болуп турганда куйругун шыйпаңдатып кирип, анча-мынча каңшаар кептерди чаргытып жүргөндөр мурундарын көкөлөтүп калышты. Азыр сен деле мендей катардагы депутатсың да деген кытмырлануу байкалбай койбойт. Бираз сөздү ылгабай эле соктура берген Камчыбек Жолдошбаев мурда Аскар Салымбековго чап салып жүрсө, эми Чыныбайга өткөндөй. Учурда “Акун” буудайды элден 13 сомдон, казактардан бир килосун 15 сомдон алып жатканын Чыныбай белгилеп өттү. Ал эми улпакты 7 сомдон саттырып жатканын да кыйытты. Тигил Камчыкең болсо элден буудайды 9 сомдон алат экен, улпакты андан ашыра сатат тура деген кебин дарбыткан.

Саясаттын кыры көп. Былтыр ажолук тактыга көзүн агытып жиберип Турсунбеков “ак карга” болгону бар. Чамасы ошол үчүн да баскан изине “шиш” койуп жатышса керек деген божомол жаралат. Анткени бизнесин аксатып салышса эле акелеп, жалынып, жалбарып тийиштүү кишилерге келет деген кыялдар алда качан жаралган. Көрсө ашыкча байлык деген адамга керек болсо учуру келгенде “душман” болуп берет экен да, чиркин! Айтор, Чыныбайдын короосуна ыргытылган таш өтө оор болбосо экен деп тилейли. Кантсе да мээнети аркылуу курулган “сепилдин” сындырылуусуна жай турмуштагы жарандар кайдыгер эмес. Ал эми Жолдошбаевдин деле желин чыгарчулар ошентип опурула берсе табылып каларына күмөн жаралбайт. Казылган аңгек өзүнө ылайыкталып калбаса болду…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости