www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акы төлөп жүрүүчү жол курулса, жол тыгыны азаябы?

Акы төлөп жүрүүчү Токмок — Бишкек — Чалдовар жолун куруу боюнча долбоор иштелип жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында,  долбоор инвестор табылганда  ишке ашат.

Демек, бул мамлекеттик-жеке долбоор.

"Токмок — Бишкек — Чалдовар трассасы темир жолду бойлой жайгашкандыктан, "Кыргыз темир жолунун" объектилерин сатып алуу керек. Ошондуктан баасы болжол менен 300-500 миллион долларды түзүүдө", — деди ал.

 Мындан тышкары, акы төлөнүүчү жол болорун кошумчалады Бердалиев.

Белгилей кетсек, транспорт жана жолдор министринин мурдагы башчысы Жамшитбек Калилов акы төлөп жүрүүчү Бишкек — Кара-Балта — Чалдовар унаа жолуна инвесторлор изделип  жатканынын маалымдаган.


Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости