www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Токон Мамытов институттагы өзүнүн тобу менен Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сүйлөшүп чыкты. Бул тууралуу ал өзү бир топ маалымат каражаттарына билдирүү жасады.
Тилекке каршы, өлкөнүн башкы укук коргоочусу Атамбаев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн сыр кылып айтпайт экен.
Акыйкатчынын айтымында, баардык маалыматты ачыкка чыгарууга болбойт, кыскача гана “Атамбаев тарабынан андагы кармоо шарттарына доомат, арыз-муңу жок. Кан басымы боюнча медкызматкерлер күнүгө эки жолудан өлчөп, текшерип турушат” деген эки ооз сөз менен чектелет.
Эми акыйкатчынын бул маалыматы кимге керек эле? Аны, Атамбаевдин кармоо шарттарына дооматы жок экенин ансыз деле билебиз да, канааттандырбаса жактоочусу же парламенттеги ишенимдүүү жалгыз “өкүлү” Карамушкина эчак айтып чыкмак.
Эмнеге Акыйкатчы Атамбаев менен болгон сүйлөшүүсүн коомчулуктан жашырат? Нары өзү да “башка эч нерсе айта албайм, себеби ал жерде башка темаларда да сөздөр болду” деп айтып жатат.
Токон Мамытовду го мейли, түшүнөбүз, баягы “чекисттиги” кармап калып жатса керек. А Акыйкатчы институту качантан бери жашыруун мекеме болуп калган?
Булак: NazarNews.kg