www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент депутаты Акылбек Жапаров өлкөдөгү облустарды башкаруу үчүн өнүккөн өлкөлөргө бөлүштүрүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал “Марал” радиосуна маек курган учурда билдирди.
Анын айтымында, республика чет өлкөлөрдөн жана ири эл аралык уюмдардан ансыз деле материалдык жардам сурап келет.
«Жапонияга бир облусту бербейлиби, маселен, Баткен же Нарынды. Ал бир облусту көтөрүп чыкпайбы – жолун, саламаттык сактоону, билим берүүнү, баарын, айтоор, Жапониядай татынакай кылып чыкпайбы. Америка дагы бир облусту албайбы. Алты облусту алты ири өлкөгө, анын ичинде Орусияга берели», - деди Жапаров.
Депутат өлкө аймагын андан ары дагы майдалап бөлүштүрсө болот деп эсептейт. Анын айтымында, республикада 40 элчилик бар, аларга 40 районду бөлүп берсе болот.
«Кыргыздар ичибизди тар кылбасак. Анан ал жерге да Жапониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коюп, ушул регионду башынан аягына чейин өнүктүрүп жатат деп үлгү кылып көрсөтсөк. Ушуну дагы бир жолу сунуштайын деп жатам, болбосо мыйзам долбоорун жазам», – деди Акылбек Жапаров.
Өлкө жети облустан жана республикалык маанидеги эки шаардан турат.
Булак: "centralasian"