www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде жеңишке жетип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.

Махмудов 21-сентябрда таймашка чыгып, финалга өткөн. Финалга чыгуу үчүн норвегиялык, египеттик, өзбекстандык жана япониялык атаандаштарын уткан. Акжол Махмудов финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Бүгүн, 22-сентябрда Махмудов алтын үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейманов менен күч сынашып, аны эсебинде жеңди.

Бул жеңиши менен Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону атанды. Буга чейин ал былтыр ушул эле Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде алгач ирет дүйнө чемпиону болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости