www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18 жаштамын. Жолдошум 24 жашта. Мени ала качып кеткен. Жети айдан бери боюмда болбой жатат. Күйөөм төрөбөйсүң деп кол көтөрүп, кээде сабайт. Бир дарыгерге барып текшерилсем “сенде баары жакшы” деген. Бирок, дагы бирөө “цистит болупсуң, төрөй албай каласың” деген. Жолдошума чогу текшерүүдөн өтөлү десем макул болбойт.

Гүлзина Мадраимова, Акушер-гинеколог

Урматтуу окурман, 7 айдан бери боюңузга бүтпөй жатса, жолдошуңуз менен бирге текшерилүүдөн өтүү керек.

Жолдошуңуздун “төрөбөйсүң" деп күнөөлөп урганы караңгылык. Балалуу болуу бир гана аялдан көз каранды эмес. Эмне себептен балалуу болбой жатканыңарды дарыгердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин гана биле аласыз. Кааласаңыз мага кайрылыңыз, жардам берүүгө даярмын.  

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости