www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда жалгыз бой эне үйлүү болду

Жалал-Абадда үч балалуу жалгыз бой эне Акылай Төрөбекова үйлүү болду. "Пригородный" айылында жайгашкан үйдүн кызыл китебин шаардын социалдык иштер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышев тапшырды.

Жаңы там айылдыктардын жана жергиликтүү бийликтин марафондук колдоосу менен курулду.

"Достук" аймактык башкаруусуна караган "Пригородный" айылында 500дөн ашуун жаңы үйлөр бар. Аларга электр мамычаларын орнотуу, жолдорун асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатат, деп жазат janews.kg.

Жалал-Абад шаарына караштуу "Достук" аймактык башкаруусунун 27-кварталында 300дөн ашуун жаңы конуштар бар. Аларда электр зымын тартуу, суу жеткирүү, жол куруу иштери эми гана аткарылып келет.

Шаар менен жаңы конуштарды байланыштырган жолдун так ортосунда тийиштүү документи жок, өз алдынча салынган үй бар болчу. Ал бузулса жаңы конуштарга унаа кирүүчү жол ачылмак.

Бирок анда каттоосу жок, жардамга муктаж жалгыз бой эне Төрөбекова үч баласы менен жашагандыктан буга чейин бузулбай келген. Шаардык мэрия Төрөбекованы камкордукка алып, аны шаар тургуну катары каттады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости